Чүй облусунда ири өлчөмдөгү баңги заттары табылды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Чүй жана Баткен облустарында ири көлөмдө баңгизатын сатып өткөрүүчү туруктуу каналы жабылды. Бул тууралуу Баңгизатын жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызыматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы стационардык жайдан милиция унааны токтотуп, текшерүүгө алышкан. Унааны башкарып бара жаткан 33 жаштагы А.А.нын баштыгынан 6 килограмм 140 грамм героин табылган.

Бул факт КР Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

13-декабрда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин атайын жүргүзгөн иш аракетинин натыйжасында, Баткен облусунда баңгизатын сатып өткөрүүчү туруктуу каналдын уюштуруучусу 1968-жылы туулган Р.У. кармалды.

Учурда шектүүлөр тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД