ЖК төрагасын отставкага кетирүү бийликтин алаксытуу ыкмасыбы?

Жума күнү, 13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев "Өнүгүү-Прогресс" фракциясына парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабековду кызматынан чакыртып алуу сунушун киргизген. Баардык жагын эске алганда, мындай маселе мурдатан бери эле бышып жетилсе керек, бирок, бул сунушту ким киргизе турганы негизги суроо болуп жаткан. Саясат таануучу Марс Сариев депутат Масалиевдин демилге көтөрүп жатканы жөн жерден болбосо керек деген ишеничте. Ал жөн эле сүйлөй бербейт, көпчүлүгү текшерилген маалыматты чыгарат дейт эксперт.

-Албетте, төраганын мектеп окуучулары да билген шаардын аталышын туура эмес айтып алышы жакшы эмес жана уят нерсе катары саналат. Эгер азыр өлкөдө ылайыктуу саясый абал болгонунда, төраганы алмаштыруунун мааниси жок эле. Бирок жүрүп жаткан камакка алуулар, ЖМКларды сотко берүү жана башкалары бийлик үчүн жагымдуу эмес көрүнүштү жаратууда. Биз эгер төрага сабатсыз болсо, бийликтин баары сабатсыз деген салыштыруу жасаган жокпуз да, бирок, Жумабеков президентти орунсуз абалда калтырууда. Анын кызматтан алынышы, Сооронбай Жээнбеков үчүн алаксытуу ыкма болушу мүмкүн, - деген оюн айтты Марс Сариев.

Саясат таануучу төраганы "колбала" деп эсептегенине карабастан, аны алмаштыруу маселеси бышып жетилди жана бул үчүн азыр ыңгайлуу учур келди деп эсептейт.

Ал эми Марат Казакпаев өз кесиптеши менен макул эмес жана депутаттар Дастан Жумабековго бул чакырылыштын аягына чейин иштөө мүмкүндүгүн бериши керек деген ойдо калууда.

-Ооба, төрага кээде "Франкфурт жана Маянеге" окшогон жаңылыштыкты кетирүүдө же Нур-Султан шаарындагы саммит учурунда сүйлөгөн сөзү эске түшөт. Төрага орус тилинде начар сүйлөйт экен, бирок, бул үчүн аны жазалоо жарабайт, бул аны кызматтан алуу үчүн алсыз аргумент болуп саналат. Жумабековго дагы иштөөгө мүмкүндүк берүү керек, катачылыктарын көрсөтсө, ал оңолуп иштеп кетээрине ишенем. Менин оюмча, Масалиев эмнелерди айтып жатканына карабастан, төраганы алмаштыруу – азыр Жогорку Кеңеш үчүн башкы маселе эмес, - деди Казакпаев.

Ошондой болгону менен парламенттеги саясый сменаны алмаштыруу ишке ашырылат окшоп калды Дастан Жумабековго карата акыркы убакта коомчулук тарабынан гана эмес, "салмактуу" депутаттар арасынан да көп сын бекеринен айтылбаса керек. Мамлекеттик түзүлүш боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов эске салгандай, өз убагында төрагага нааразылыгын "Бир Бол" жана "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын лидерлери Алтынбек Сулайманов менен Бакыт Төрөбаев да айтып келишкен.

-Өз убагында депутаттардын көпчүлүгү Жумабековго добуштарын, аны абройлуу, күчтүү саясатчы катары эмес, Алмазбек Атамбаев президенттик кызматта тургандагы өтүнүчүнө карап беришкен. "Кыргызстан" фракциясынын депутаты жогору жактан уруксат берилгенден кийин гана төрага боло алмак. Ал бул кызматка дайындалган убактан бери эле, депутаттардын көбүнүн ага карата ишеними жок болгон. Алар мурдагы төрагалар күчтүү эле, бул саясатта жетиле элек деп айтышчу, - деп эсине түшүрдү Бактыгулов.

Төраганы ээлеген кызматынан чакыртып алуунун башкы себеби парламентарийлердин өз ара ички оюндарды жүргүзүүсүнөн келип чыгууда, деп эсептейт эксперт. Бирок Жумабековдун профессионалдык сапаты да роль ойноодо.

-Эгер депутаттар өз ара макулдашса, анда төраганы алмаштырууну чечишет. Бул маанилүү кызмат эмеспи. Төрага мындай кекеч болбой, кыргыз жана орус тилдеринде гана так сүйлөбөй, бир нече чет тилдерин да билүүсү шарт. Жогорку Кеңештин отурумдарында төрагалык кылган катары, ал абройлуу болуп, өлкөнүн тагдырын жана кабыл алынган мыйзамдар жарандардын жашоосуна кандай таасирин тийгизип жаткандыгын да ойлой билиши керек, - деди маектешүүчү.

Мына ушундай талапкерлер барбы – бул башка маселе. Саясат таануучу жаңы төраганы шайлоо создугуп кетет деп божомолдойт. Анын үстүнө азыркы чакырылыштын мөөнөтү жарым жылдан кийин аяктап жаткандыгы маанилүү деле эмес. Биздин тарыхыбызда парламентти эки ай жетектеген төрагалар да болгон, - деп белгиледи Шерадил Бактыгулов.

-Талапкерди өкмөттү алмаштыруу менен байланыштырып тандап алуу ылайыктуу болмокчу. Депутаттар анын жаш курагына, тилдерди билүүсүнө, кайсы аймактан келгенине карап жыйынтык чыгарышат. Жаңы шайлоолор болоор алдында кимдин төрагалыкка дайындалышы өтө маанилүү, парламентарийлер ар дайым ири бизнестин кызыкчылыгын көздөгөн эң бир талаш мыйзамдарды май жана июнь айларында кабыл алышаарын да биз билебиз, - деп сөзүн аяктады эксперт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД