Масалиев: Эгер кысым жасалбаса депутаттар төраганын отставкасын колдошот

Эгер депутаттарга кысым жасалбаса, алар Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун отставкага кетишин колдошот. Бул тууралуу VB.KG редакциясына Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди. Ал "Өнүгүү-Прогресс" фракциясына Дастан Жумабековго ишеним көрсөтпөө сунушун киргизген.

-Эгер депутаттарга кысым жасалбаса, менин сунушумду колдошот. Депутаттар менен өз ара сүйлөшүү учурунда, алардын көпчүлүгү бул идеяга макулдугун билдиришкен. Бирок добушка салуу кандай өтөөрүн алдын ала айтуу кыйын, - деди Исхак Мсасалиев.

Анын айтымында, бул сунушту алар жакынкы убакта "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында талкуулашат. Жыйын фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев БАЭ жана Сауд Арабиясынан Кыргызстанга кайтып келгенден кийин өткөрүлмөкчү.

Эгер фракция Дастан Жумабековдун отставкасын колдосо, бул маселе палатанын талкуусуна чыгарылат. Төраганы ээлеген кызматынан кетирүү үчүн 80ден кем эмес депутат добушун бериши керек.

Белгилей кетсек, акыркы убакта Дастан Жумабеков эл алдында жаңылыш сүйлөп алып, көптөгөн сын айтууларга кабылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД