Россияда Чынгыз Айтматовдун туулган күнү белгиленди

12-декабрда улуу жазуучунун туулган күнүнө карата, Москва шаарындагы Данилов районунун сейил багындагы Чынгыз Айтматовдун эстелигине Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов гүл койду. Ошондой эле ал кийинки күнү Россиянын элдердин достугу университетинде бул датага байланыштуу атайын уюштурулган иш чарага катышты.

"Жамиля" жана "Плаханын" авторуна арналып ачылган университеттин аудиториясында өткөрүлгөн "Дүйнөдөгү улуттардын образы:Космо-Психо-Логос" илимий-практикалык семинарда Аликбек Жекшенкулов семинардын катышуучулардын алдында сөз сүйлөп, ушул декабрь күндөрү улуу жазуучу Чынгыз Айтматовду эскерүүгө арналып, Москванын жождорунда ачык сабактар, семинарлар жана конференциялардын өткөрүлүп жатышы кыргызстандыктар үчүн абдан маанилүү экендигин белгиледи.

Ушул датага арналган иш чаралар Россиянын башка региондорунда да өткөрүлдү. Борис Ельцин атындагы Урал федералдык университетинде Чынгыз Айтматовду эскерүүгө арналган адабий кече, университеттин жетекчилигинин колдоосу астында кыргызстандык студенттер тарабынан уюштурулуп, ага "Кыргызстан-Урал" кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, Екатеринбург шаарынын окутуучулар жана студенттер коомчулугу катышты.

Студенттер майрамдык концерт даярдашып, анын жүрүшүндө Чынгыз Айтматовго арналган россиялык акындардын жана өздөрү жазган ырларды окушуп, жазуучунун китептери боюнча сценаларды жана "Эрте жаздагы турналар" чыгармасы боюнча кыска метраждуу фильмди көрсөтүштү.

Россиялык белгилүү акын жана жазуучу Александр Кердан улуу жазуучу, философ жана дипломаттын мурасынын маанисин белгилеп, Айтматовго арналган ырларын окуп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД