Милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

ЭКККМК кызматкерлери Бишкек ШИИББнын жол кырсыктары боюнча тергөө бөлүмүнүн башчысын пара алып жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынан билдиришти.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Бишкек шаардык ЭКККББна О.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, шаардын жол кырсыктары боюнча тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери, ушул бөлүмдүн башчысы К.М. жана тергөөчү Р.И. мурда болгон жол кырсыгы боюнча маселени оң жагына чечип берүү үчүн, жарандан 1 миң доллар пара талап кылып жаткандыгын билдирген.

Бул факт КР Жазык кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде катталган.

2019-жылы 12-декабрда саат 18.00. чамасында ИИМ кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин жүргүзүлүшүндө, Бишкек ШИИББнын жол кырсыктары боюнча тергөө бөлүмүнүн башчысы К.М. кармалып, анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда, мурда арыз ээси О.М. берген 30 миң сом табылган.

Бул кылмыш ишине шектелип кармалган Бишкек ШИИББнын жол кырсыктары боюнча тергөө бөлүмүнүн башчысы К.М. Бишкек ШИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД