Сот департаментиндеги жетекчи пара алууга шектелип кармалды

Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин башкармалыгынын башчысы компаниянын жетекчисинен ири суммадагы акча талап кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматтарга ылайык, бул иш боюнча иликтөө жүргүзүлүп, УКМКнын Коррупуцияга каршы күрөшүү кызматы 15-октябрда эле Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.

-Сот департаментинин башкармалыгынын башчысы А.А. аталган департаменттин кызматкерлери менен көмүскө бүтүмгө келип, "С.Г." ЖЧК жетекчисинен акча талап кылып жана 3 млн сом пара алганы аныкталды. Ал бул акчаны аталган компанияга райондук соттордун биринин административдик имаратын капиталдык оңдоодөн өткөрүү үчүн жарыяланган тендерде жеңишке жеткирүүнү убадалап алган, - деп айтылат УКМК басма сөз кызматынын маалыматында.

2019-жылы 11-декабрда тергөө иш-чараларынын алкагында Сот департаментинин башкармалыгынын башчысы А.А. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иш жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД