Исхак Масалиев ЖК төрагасы Жумабековду кызматынан алууну сунуш кылууда

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Мсалаиев "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын кароосуна, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду ээлеген кызматынан алуу сунушун киргизди. Бул тууралуу парламентарий Facebookтагы өз баракчасына жазды.

-Жаңы жылдын алдында коом жана ар бир адам жаңыланууну, жакшы окуяларды, жашоонун оңолуусун күтөт.

Жогорку Кеңеш да шайлоочулар партиянын тизмеси боюнча өз укугун беш жылга ишенип шайлаган жарандардын уюму болуп саналат. Биз кантип иштеп жана алардын ишенимин актап жатабызбы же жокпу – аны эл таразалайт. Бирок, элибиз бизди чынында эле көпчүлүк убакта катуу сынга алып жаткандыгы – бул факт.

Бизде коллегаларыбыз менен бирге чечимди ӨЗҮБҮЗ кабыл алган чөйрө бар – бул өз жетекчилерибизди шайлоо жана бошотуу.

Жогорку мамалекеттик органдын кадыр-баркы көпчүлүк учурда анын жетекчисине көз каранды болот. Биздин ишибиз да көп жагынан Төраганын ишмердүүлүгүнө байланышкан . Азыркы Төрага – Дастан Артисбекович бул кызматка даярдыксыз келгени ачык эле көрүнүп турат. Ал жаштык кылып жатат, мүмкүн келечекте дагы үйрөнүп кетээр.

Мен фракциянын кароосуна аны кызматынан чакырып алуу сунушун киргизгем, азыр бул маселе талкууланууда. Бул сунуш колдоого алынат деп ишенем, биз мындай кадамга барып, дагы көзгө көрүнөр иштерди аткарышыбыз керек...", - деп жазган Исхак Масалиев.

Белгилей кетсек, акыркы убакта Дастан Жумабеков эл алдында жаңылыш сүйлөп алып, келеке болуп жана көптөгөн сын айтууларга кабылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД