Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков кармалды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу ИИМден тастыкташты жана КСДП саясый кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Уку коргоо органдарынын маалыматына ылайык, мурдагы эл өкүлү Жазык кодексинин 244-беренеси (Барымтага алуу) жана 264-беренеси (Массалык башаламандыкты уюштуруу) боюнча шектелип жатат.

Кече күнү, 12-декабрда Равшан Жээнбековду бул ишти иликтеп жаткан ИИМ Тергөө башкармалыгына суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД