Ирина Карамушкина: Биздин баарыбызды чогуу эле камап салгыла

Депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин отурумунда Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча Мамалекеттик комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектегенине нааразы болгондугун билдирди.

-Эмне үчүн комиссияны күч структураларына жооптуу болгон Разаков жетектеп жатат. Ал өзүнүн кетирген каталары жөнүндө өзү айтмак беле? Иликтөө бир тараптуу жүргүзүлгөн. Анда мындай суракка чакырууларга жана тергөө иш чараларына акча коротуп отурбай, бул иликтөөнү жүргүзбөй эле койбойлубу. Убакыт коротуп отурбай баарыбызды чогуу эле камап салгыла, бирок, биз баары бир бийлик саясый аянттан күчтүү оппозиционер Алмазбек Атамбаевди четтетиш үчүн алдын ала баш-аламандыкты уюштурганын элге айта беребиз, - деди Ирина Карамушкина.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште 7-8-августта Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн Мамлекеттик комиссиянын корутундусу каралып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД