Өлкөнүн жаңы жылдык башкы балатысы 13-декабрда жандырылат

Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында орнотулган өлкөнүн жаңы жылдык башкы балатысын жандыруу аземи 13-декабрда кечки саат 19.00дө өткөрүлөт. Бул тууралуу борбордук мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын жүрүшүндө шаардыктар менен меймандарга "Жаңы жыл" майрамдык концерттик программасы тартууланат.

Балатыны орнотуу иштери менен "Бишкек свет" жана "Тазалык" ишканасы алектенүүдө. Бийиктиги 27 метр, диаметри 12 метр балаты жаңы жылдык жасалганын идеясынын негизи болот. Борборду жасалгалоо концепциясы "Бишкек башкы архитектура" мекемеси тарабынан иштелип чыгып, "Жаңы жылдык белек" деп аталат. Ал эми балатыга көрк берген жасалгалардын баары "Бишкек свет" ишканасынын цехинде даярдалып чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД