Бишкектеги ок атышууда жаракат алган эки адамдын абалы оор

9-декабрда Жумушчулар шаарчасы районунда ок атышууда жаракат алган 3 адам Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Биринчи жабырлануучу - 1988-жылы туулган А.А.нын белине жана санына ок тийген. Ага тиешелүү жардам көрсөтүлүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Абалы оор деп бааланууда.

Экинчи жабырлануучу - 1988-жылы туулган К.Э.нин санына ок тийген. Ал травматология бөлүмүнө жаткырылды, абалы орто оор.

Үчүнчү жабырлануучу - 1989-жылы туулган О.К. балтырынан жаракат алган. Ал травматология бөлүмүнө жаткырылды, абалы туруктуу.

Эске салсак, кече күнү, 9-декабрда саат 19:35 чамасында Жумушчулар шаарчасындагы Гагарин жана Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде белкисиз бирөөлөр тарабынан "Тойота Авенсис" автоунаасындагы 3 адамга ок атылып, автоунаа жол кырсыгына кабылган. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилген. Расмий эмес маалыматтар боюнча, жаңжалдын катышуучулары УКТ мүчөлөрү болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД