Жумушчулар шаарчасындагы жаңжалдын чыгышына шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарында жаңжал учурунда ок чыгарган 2 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда ИИМ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш ишин ачууга "Коопсуз шаар" видеобайкоо камералары жардам берген.

-ИИМ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш чараларынын натыйжасында, Жалал-Абад олусунун Токтогул районунда 1995-жылы туулган эки жаран Т. Уулу И. жана М.Н. кармалган. Текшерүү учурунда алардын жанынан номерлери өчүрүлгөн "Макаров" үлгүсүндөгү тапанча табылган. Бул окуя 1.5 жыл мурда чыккан эски жаңжалды өз ара чечишип алуу маселесинен келип чыккан, - деп айтылат ИИМ баса сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Эске салсак, кече күнү, 9-декабрда Бишкектеги Жумушчулар шаарчасындагы Гагарин жана Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде белкисиз бирөөлөр тарабынан "Тойота Авенсис" автоунаасындагы 3 адамга ок атылып, автоунаа жол кырсыгына кабылган. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилген.

Бул факт КР Жазык кодексинин 39-130-беренеси (Өлтүрүүгө кол салуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда тергөө иштери улантылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД