Блогер Афтандил Жоробеков үй камагына чыгарылды

Блогер Афтандил Жоробеков үй камагына чыгарылды. Кече күнү, 5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту кечээ ушундай чечим кабыл алды.

Афтандил Жоробеков соттун имаратына чогулгандардын баарына ыраазычылыгын билдирип жана тергөө менен байланышууга макулдугун берди деген кепти төгүндөдү.

Эске салсак, Афтандил Жоробековду 24-ноябрда Жазык кодксинин 313-беренеси боюнча ( Аймактар аралык кастыкты козутуу) айыбы тагылып, сот аны 2 айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Соттун версиясы боюнча ал бир нече жолу ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамдарынын жардамы менен биле туруп жалган жана чагымчыл маалыматтарды жарыялаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД