Кыргызстандыктар жаңы жылдык майрамдан кийин 7 күн эс алышат

Кыргызстанда 2020-жылдын башындагы бир нече күндү эс алуу күнү деп жарыялоо сунушталууда. Өкмөт жаңы жылдык эс алуу күндөрүн аныктоо боюнча сунушун министрлик менен мекемелерге жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Мамлекеттик бюджеттен каржыланып, 5 күндүк иш күн менен иштеген мекеме-ишканаларда:

- 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнү эс алуу күнүнө (жекшемби) туш келгендиктен 24-февраль дагы эс алуу күнү болот. Бул күн 2-январдагы жумуш күнүнө которулат;

- 8-март - Айымдардын эл аралык күнү эс алуу күнүнө (жекшемби) туш келгендиктен, 9-марттагы эс алуу күнү 3-январдагы жумуш күнүнө которулат;

- 21-март - Нооруз майрамы ишембиге туш келип, 23-марттагы эс алуу күнү 6-январдагы жумуш күнүнө жылдырылат;

- 9-май - Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү ишембиге туш келип, 11-майдагы эс алуу күнү 4-майга жылат.

Муну менен 2020-жылдын 1-январынан тарта 7-январга чейинки, май айындагы майрамдарга карата 1-майдан тарта 5-майга чейинки убакытты эс алуу күнү кылуу сунушталууда.

Учурда бул токтом министрлик жана ведомстволордун жетекчилери менен макулдашуу этабында.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД