Аида Касымалиева: Россияда кыргыз паспорттору ачык эле сатылууда

Россиянын шаарларында кыргыз паспорттору коңшу өлкөлөрдүн жарандарына ачык эле сатылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, жумуш сапары менен Санкт-Петербург шаарына барганында, кыргыз паспорттору Өзбекстандын жарандарына ачык эле сатылып жаткандыгына күбө болгон жана аларды текшерүү учурунда документтер жасалма эмес экени тастыкталган.

- ПИНди текшергенде дагы бул документтер жасалма эмес экендиги аныкталып жана кайсы жерден берилгендиги аныкталып жатат. Эмне үчүндүр паспорттордун көбү Сузак районунан берилген, - деди Аида Касымалиева.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов учурда паспортту мыйзамдын негизинде гана алса боло тургандыгын ишенимдүү түрдө айтты.

Анын айтымында, башка өлкөлөрдүн жарандары эски документтердин негизинде жаңы паспортторду мыйзамсыз алышууда.

-1994-жылы улуттук паспорттордун жаңы үлгүсү киргизилген. Жалпы 3 миллион документ даярдалган. Ошол убакта ИИМдин паспорт столунан 170 миң документ жоголгондугу катталган. Акыркы чуулгандуу окуялар ошого байланыштуу, - деди аткаминер.

Аида Касымалиева документтердин жакында эле берилгендигин, ошондуктан МКК башчысын жана укук коргоо органдарын бул маселени чечүүдө ыкчам чараларды көрүүсү керектигин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД