Рита Карасартова: Реформаны биз жүргүзбөсөк, анда бул ишти ким жасайт?

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп жаңы дайындалган Рита Карасартова эмне себептен Билим берүү жана илим министрлигиндеги буз кызматка макулдугун бергендигин түшүндүрүп берди. Бул тууралуу пикирин ал соцтармактардагы өз баракчасында видеоролик аркылуу билдирди.

Мурдагы укук коргоочунун билдирүү жасоосуна, соцтармактардагы айрым Интернет колдонуучулары тарабынан, анын "сатылып кеткендиги" тууралуу туура эмес түшүндүрмөлөрдүн берилүүсү себеп болгон окшойт.

Карасартованын айтымында, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү тармагында иштөөгө үч жолу сунуш берилген.

-Буга чейин мен бул кызматтан баш тартып келгем, анткени, бул тармакта кантип иштөө жана кандай реформаларды жүргүзүү боюнча түшүнүгүм жок болчу. Үчүнчү жолу сунуш келип түшкөндө, мен ал жакта иштеп жаткан кызматкерлер менен жолугушуп, сүйлөшүп көрдүм. Алар Кыргызстандын жаштарынын келечеги жана экономикасы үчүн кандай олуттуу салым кошуп жана кошо ала турган маанилүү тармак экендигин мага түшүндүрүп беришти. Реформаны биз жүргүзбөсөк, анда бул ишти ким жасайт? Мына ушундай ой менен, мен бийликтегилердин сунушун кабыл алдым, - деди ал.

Ал бийликтегилердин эмнени каалап жаткандыгы боюнча шек туудургандыгы жөнүндө да айтып берди. Анын айтымында, бийлик мындай сунуш менен анын оозун жапкысы келип жатабы деген ой да келген.

-Бирок бийлик тараптагылар аны башкага ишендиришти. Реформаны жүргүзгүлө, баардыгы ачык болот дешти, мына ошондон кийин мен алардын сунушун кабыл алдым. Эгер силерде кандайдыр-бир сунуштар болсо, келгиле, силер үчүн биздин эшигибиз ар дайым ачык, - деп ал кыргызстандыктарга кайрылды.

Эске салсак, кече күнү Рита Карасартова Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД