Ташиев жана Бабанов: Элге берген убаданы айкын иш менен далилдөө керек

Ак үйдүн темир дарбазасынан секирип өтөм деп, шымын айрып алганы менен элге белгилүү болгон Камчыбек Ташиев кайрадан Өмүрбек Бабанов менен биригип, парламенттик шайлоого бирге барууну пландаштырууда. Бул тууралуу ал "Азия Ньюс" басылмасына берген маегинде билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башталышында, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты "Республика – Ата Журт" саясый тобу мындан ары бирге боло албайт, ал эми "Ата Журт" партиясы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого өзүнчө аттанат деп айткан болчу.

Бирок ал бат эле өз оюнан кайтып, эми эки партия кайрадан Жогорку Кеңештин шайлоосуна кол кармашып бирге катышуусу мүмкүндүгүн айтууда. Саясый амбициялар бир иш, бирок, аны ким каржылай ала турганы башка кеп. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов кандай ойдо экендиги азырынча белгисиз. Ал өзү мындан ары саясат менен алектенбей тургандыгын билдиргени бар. Балким ал гүлдөргө суу куюп, Шпенглердин чыгармаларын окуп, эркин жүргөндүн өзү кандай бакыт экендигин ойлоп жаткандыр.

Бирок Камчыбек Ташиевдин өз айткандарына жана чечкиндүү аракетине караганда, философия менен убара болуп отурбай, парламентке кантип өтүү жөнүндө көп ойлонуп жүрсө керек.

-2015-жылы биз "Республика" партиясы менен бириккенбиз, бул бизге шайлоо жарышында экинчи орунду камсыз кылган эле. 2020-жылдагы шайлоого биз "Ата Журт" партиясы менен барабыз. Шайлоого жалгыздап катышуу биз үчүн кыйынга турат, муну моюнга алуу керек. Ошондуктан "Республика" партиясы менен биригишибиз мүмкүн, азыр ушул маселени талкуулап жатабыз. Ооба, Өмүрбек Бабанов саясатка кайтып келбейм деп айтканы бар, бирок, адам божомолдоп айтат, ал эми жашоодо башкача чыгып калат экен", - деп бир нерсенин четин чыгарды Камчыбек Ташиев.

Бул эки саясатчынын Халк менен Тор, Супермен менен Бэтмен, Глеб Жеглов менен Володя Шарапов, Майкл Дули менен Джерри Ли сыяктуу жарашып турганын айта кеткенибиз абзел. Алардын кар менен бири-биринин бетине шыбашып, жылмайып турганы элге жагымдуу көрүнгөн. Бирок, бул экөө биригип жана кайрадан шайлоочулардын колдоосуна ээ боло алышаар бекен? Анткени элге алардын куру жылмайуусу эмес, берген убаданы айкын иш менен далилдегени керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД