Шайлоо-2020: Саясий партиялар 6 айга чейин каттоодон өтүүгө тийиш

Кезектеги парламенттик шайлоого катышуу үчүн саясий партиялар мыйзам боюнча берилген убакта каттоодон өтүүгө тийиш. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалымат боюнча, "Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот.

Ушуга байланыштуу Конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык "Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор президент тарабынан добуш берүү күнүнө 100 календардык күн калгандан эрте эмес жана 90 календардык күн калгандан кеч эмес дайындалат. Учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын биринчи жекшемби күнү добуш берүү күнү болуп саналат. Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт ал шайланган күндөн тартып эсептелет. Добуш берүүнүн натыйжасында ал ыйгарым укуктуу курамда шайланган күн Жогорку Кеңештин шайланган күнү болуп саналары" белгиленет.

Мыйзамдын ушул жоболорунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалышы мүмкүн. Ал эми аны дайындоо жөнүндө чечим 2020-жылдын 26-июну менен 6-июлдун аралыгындагы мезгилде кабыл алынат.

Ушуга байланыштуу саясий партиялар парламенттик шайлоого катышуу үчүн мыйзам менен берилген шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө каттоодон же кайра каттоодон өтүүгө тийиш.

Конституциялык мыйзамдын 60-беренесине ылайык "Аткаруу бийлигинин саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү иш-милдеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (Юстиция министрлиги – эск.) каттоодон өткөн саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары расмий жарыялануучу булактарга тизмени жарыялоону камсыз кылат жана ошол эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет".

Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД