А. Салымбеков менен К. Осмоналиев Россиянын сыйлыгына татыктуу болушту

Москвада "Улуттун улуулугу" Бүткүл россиялык коомдук сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо иш чарасы салтанаттуу өткөрүлдү. Мындай сыйлыкка Кыргызстандын жарандары да татыктуу болушту.

Бул программа 2005-жылы "Ишкер Россия" Коомдук уюму тарабынан, РФ Мамдумасынын колдоосу менен уюштурулган. "Улуттун улуулугу" КМШ аймагында көз каранды эмес коомдук авторитеттүү сыйлыктарынын бири болуп саналат. Бул мезгил ичинде мындай сыйлыкка маданият, медицина, спорт, саясат, экономика жана башка тармактардын көптөгөн белгилүү өкүлддөрү татыктуу болушкан.

Бул жолкусунда сыйлык ЕАЭБ түзүлгөндүгүнүн бел жылдыгына арналып, СССР убагында жана андан кийинки мезгилде ийгиликтер жана жеңиштер, ошондой эле бирдей тарых жана маданият менен ысымдары байланышкан, ЕАЭБ мамлекеттер аралык гуманитардык жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө активдүү катышкан адамдарга тапшырылды.

Азыркы сыйлыкка көрсөтүлгөн лауреаттардын арасына мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданияттын жана искусствонун, Россиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн ишкерлик тармагынын өкүлдөрү кирди. "Ар намыс" номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынан кыргызстандык-советтик оор атлетчи, 1980-жылы Москвада өткөрүлгөн Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүсү, дүйнөнүн төрт жолку жана Европанын эки жолку чемпиону, спорттун эмгек сиңирген чебери Каныбек Осмоналиев менен бизнесмен жана меценат Аскар Салымбеков, ишкерлик тармагында эмгектенген башка мекендештер сыйлыкка татыктуу болушту, - деп айтылат Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД