Р. Карасартова Башталгыч билим берүү агенттигинин директорлугуна дайындалды

Рита Карасартова Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулду. Ал бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келген.

Бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы дайындалган директорду кесиптик-техникалык агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырды.

Министр мекемеде буга чейин аткарылган жумуштар үчүн Таалайбек Чолпонкуловго ыраазычылык билдирип, жаңы дайындалган жетекчиге бул тармакта башталган реформаларды улантуучу ишине ийгилик каалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД