Айдоочулардын жаңы үлгүдөгү күбөлүгү бир жумадан кийин бериле баштайт

Кыргызстанда айдоочулардын жаңы үлгүдөгү күбөлүгү бир жумадан кийин бериле баштайт. Бул тууралуу VB.KG редакциясына МКК басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы убакта жарандарды айдоочулардын күбөлүгү менен камсыз кылуу иштеринин этабы аяктап калды.

Мамлекеттик катто кызматынын (МКК) маалыматы боюнча, айдоочулардын күбөлүгүнүн жаңы үлгүсүнүн бланктары эскисине караганда 9 эсе арзан турат. Алардын баасы 100 сом 86 тыйынды түзөт. Айдоочулардын күбөлүгүнүн акыркы баасы, банктык жана жарандын өздүгүн тактоо кызматын эске алганда 600 сомго жакын сумманы түзмөкчү, мурда айдоочулар болжол менен 1 700 сом төлөп келишкен.

Мындан тышкары сапаттуу материалдарды жана жабдууларды колдонуу документтердин эскирип кетишинен сактайт.

-Айдоочулардын күбөлүктөрүнүн баардыгы Бишкекте борборлоштурулган түрдө даярдалат. Даяр болгон документтер аймактарга "Кыргызпочтасы" аркылуу жөнөтүлөт. Даярдоо жана жеткирүү мөөнөтү 3 күндү түзөт, - деп түшүндүрмө беришти МКК басма сөз кызматынан.

Айдоочулардын убактылуу күбөлүгүн жаңысына алмаштыруу өзүнчө бөлмөдө жүргүзүлөт.

Эске салсак, 2019-жылы август айында МКК айдоочулардын күбөлүгүнүн жаңы үлгүсүн даярдоо боюнча тендер жарыялаган. Тендердин жыйынтыгы боюнча, улуттук айдоочулардын күбөлүгүн "Казакстандын Улуттук банкынын банкнотту даярдоочу фабрикасы, ал эми "Гознак" ЖЧКсы – айдоочулардын эл аралык үлгүсүнүн бланкын басып чыгарат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД