Активисттер Бишкектин абасынын булганышы боюнча чара көрүүнү талап кылууда

Бишкектеги экологиялык абалына тынчсызданган шаардын жашоочулары мамлекеттик органдарга кайрылып, кол топтоону уюштура башташты. Алар Бишкектин абасынын булганышына карата бийликтегилердин чара көрүүсүн талап кылышууда.

Жарандык активисттер борбордун экологиялык абалына үч негизги фактор терс таасирин тийгизип жаткандыгын белгилешүүдө: Бишкектин ЖЭБинин иштеши, автоунаалардын түтүнү жана кыш мезгилинде жеке үйлөрдү от жагып жылытууда көмүрдүн жана тиричилик таштандыларынын колдонулушу.

Активисттер өкмөт тарабынан төмөндөгү талаптардын аткарылышын талап кылышууда:

1. Шаардын ЖЭБинин ишин, фильтрлеринин абалын, алардын колдонуу мөөнөтүн, алмаштыруу мезгилин, ошондой эле жагылуучу көмүрдүн сапатын текшерүү боюнча көз каранды эмес эксперттер, экологдор, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү, ММК курамына кирген ведомстволор аралык комиссияны түзүү;

2. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан шаардын абасынын булганышынын кесепетинен, Бишкектин жашоочуларынын ооруга чалдыгышына байланышкан маалыматтар берилсин;

3. Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы

боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан, Бишкек шаары боюнча булгоочу заттарды атмосферага чыгарууга берилген уруксат ченемдеринин тизмеги жана анын негиздемеси берилсин;

4. Азыркы убакта автоунааны техтекшерүүнү сапаттуу жана автоунаанын түтүн чыгарылуучу бөлүгүн кылдаттык менен текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Техтекшерүүнү өткөрүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча комиссия түзүлсүн;

5. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан автоунаалардын агымын, өзгөчө шаардын борбордук бөлүгүндө азайтуу боюнча чара көрүлсүн. Коңшу республикалардын баардыгында чет жактан келген жана эски машиналардын борборго кирүүсүнө чек койууну киргизишүүдө. Мындай чара көрүү автотыгындардын түзүлүшүн азайтуу жана борбордун абасынын сапатына жакшыртууга оң таасирин тийгизүүдө. Ошондой эле маршруттук таксилердин шаардын борбордук бөлүгүндө жүрүүсүнө тыйуу салуу зарыл. Коңшу өлкөлөрдүн борборлорунун биринде да шаардын борбордук бөлүгүндө маршруткалардын жүрүүсү байкалбайт. Ошону менен бирге коомдук транспорттун (автобус жана троллейбустар) сапатын жакшыртуу жана санын көбөйтүү маселелери каралсын.

6. Жеке секторлордун жашоочулары тарабынан үйлөрүндө жана мончолорунда тиричилик калдыктарын жагуусуна административдик жоопко тартуу милдети киргизилсин. Жеке үйлөрдө жана мончолордо мындай тартип бузуулар боюнча рейд жүргүзүлсүн;

7. Жеке секторлордогу үйлөрдө акырындык менен газ менен жылытуу киргизилип жана шаардын жашоочулары арасында энергияны үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

Белгилей кетсек, кыш мегилинин башталышы менен шаар үстүндө кайра коюу түтүн пайда болуп, экологдор коңгуроо кагууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД