Журналисттик иликтөөдөгү материалдар боюнча тергөө иштери улантылат

Ведомстволор аралык тергөө тобу журналисттик иликтөөдөгү материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 2-декабрда "Азаттык" радиосунун журналисттери, анын ичинде иликтөөнүн автору Али Токтакунов суракка чакырылды. Андан тышкары ошондой эле суракка Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, мурдагы депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакырылат.

УКМК сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында бажы органдарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары тууралуу, ошондой эле бул факт боюнча башка тиешелүү маалыматтар болсо тергөө органдарына расмий көрсөтмө берүү үчүн кызматташууга чакырат. УКМКнын нөөмөт бөлүмүнүн теелфон номери: 0 (312) 66-04-75; 0 (312) 62-65-04.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД