Батукаевдин иши. Алмазбек Атамбаевди сотко мажбурлап алып келиштиби?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Биринчи май райондук сотуна алып келишти. Мындай маалыматты VB.KG редакциясына КСДП саясый кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева тастыктады.

-Биз аны сотко мажбурлап алып келиштиби же өз ыктыяры менен келдиби билбейбиз. Анын жактоочулары кийин бул жөнүндө түшүндүрмө беришет. Азыр алар сот жыйынында отурушат, - деди Кундуз Жолдубаева.

Эске салсак, буга чейин мурдагы мамлекет башчы соттук процесске катышуудан баш тартып, тергөө абагындагы камерадан чыкпай келген. Мындан улам соттук отурум жылдырылган.

Батукаевдин иши боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД