Курсан Асанов Кой-Таш боюнча Коомдук комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушту

Бүгүн, 29-ноябрда Бишкекте 7-8-августтагы Кой-Таш айылында болгон окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн Коомдук комиссиянын акыркы жыйыны өткөрүлүп, ага ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асанов чакырылды.

ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү кагылышуу боюнча Коомдук комиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди. Мындан тышкары ал өз коллегаларынын жана Атамбаевдин тарапташтарынын иш аракетине өз баасын берди.

Коомдук комиссиянын төрагасы Улукбек Маматаев белгилегендей, Курсан Асановдун баардык сөздөрү, 7-8-августтагы Кой-Таш айылында болгон окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн Коомдук комиссиянын корутундусунда эске алынат.

-Корутундунун өзү жакында, болжол менен 2019-жылы 14-декабрда Бишкекте өткөрүлө турган Элдик курултайда билдирилет. Бул иш чарада Кой-Таш окуясынын темасы негизги болуп саналат, - деп белгиледи ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД