Саймаитинин иши боюнча депутаттык комиссиянын жаңы курамы

Кечээ, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Түркияда киши колдуу болуп көз жумган ишкер Айеркен Сайматинин айланасындагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын курамына өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Комиссиянын курамынан чыгып кеткен Искендер Матраимовдун (КСДП) ордуна Абтандил Кулбараков (КСДП), Алтынбек Сулаймановдун ("Бир бол") ордуна Жаныбек Бакчиев ("Бир бол") кошулду.

Депутаттык комиссиянын курамы:

КСДП фракциясы: Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Жураев, Аалы Карашев, Автандил Кулбараков;

"Республика-Ата Журт" фракциясы: Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов;

"Кыргызстан" фракциясы: Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов;

"Бир бол" фракциясы: Жаныбек Бакчиев;

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясы: Тынчтык Шайназаров;

"Ата Мекен" фракциясы: Алмамбет Шыкмаматов.

Эске салсак, бул комиссия 21-ноябрда депутат Алтынбек Сулаймановдун сунушу менен түзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД