Бишкек тургунуна салынган айып пулдун үстөк төлөмү 6 миң сомду түзгөн

VB.KG редакциясына Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, "Коопсуз шаар" системасынын иши боюнча арыз-муңун билдирди.

Анын айтымында, Жол эрежесин үч жолу бузгандыгы боюнча "бакыт катын" алган. Айып пулдун суммасы 6 500 сомду түзгөндүктөн, аны өз убагында төлөп берүү мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Төлөп берүү мөөнөтүнөн үч ай өтүп кеткендиктен, айып пулду эки эсе көп төлөгөнгө туура келген.

Окурман ИИМ ЖКККББ Мониторинг борборуна кайрылганында, ага мындай үстөк төлөмдүн келип чыгуу себебин түшүндүрүп бере алышкан эмес.

-Айып пулду өз убагында төлөбөй жүргөндөгү күнөө менде экендигин мойнума алам. Андан бери болгону үч эле ай өттү, бирок, бул мезгил ичинде үстөк төлөм суммасы кантип эле айып пулдун өлчөмүнө чак келип калсын? Албетте, мен сумманын баардыгын төлөп бердим. Бирок Мониторинг борборунда эч нерсени түшүндүрүп бере алышпаганы мени нааразы кылды. Ушундай сумма кайдан жүрүп пайда болгону мен үчүн такыр түшүнүксүз бойдон калды, - деп нааразы болгонун билдирди айдоочу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД