Айдоочу автоунаасын күнүгө түнкүсүн аялдамага токтотуп койчу болду

Шаарыбыздагы 4-кичирайонунун жашоочусу автоунаасын күнүгө түнкүсүн Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамага токтотуп койчу адат таап алды. Автоунаасын токтоткон жер чоң көчөдө жайгашканы жана андан МАИ кызматкерлери бат-бат өтүп турганы аны уялтып да койбойт окшойт. Эмнегедир автоинспекторлор бул айдоочуга карата чара көргөнгө шашылбай коюшту. Балким мына ушул факт айдоочуга айып тартпай жол эрежесинин бузуу ишенимин берип коюшу ыктымал.

Элдик жаңылыкты VB.KG редакциясына окурман жазып жиберген

Бул автоунаанын жогоруда дареги көрсөтүлгөн коомдук аялдамада токтотулуп тургандыгын байкоого болот. Биздин шаардын жашоочулары аялдамаларда, адатта таксилерге толуп турганындыктан, автобустар менен троллейбустарды айтпай эле коёлу, маршруттук таксиге токтоо мүмкүнчүлүгү болбой калып жүргөнүнө көнүп калышкан. Бирок бул шаардык тургун жеке машинасына аялдамада токтотуучу жайды оңой эле таап алганы таң калтырбай койбойт.

Болжолу бул айдоочу аялдамага жакын жайгашкан үйлөрдүн биринде жашаса керек, белгилүү болгондой, бул жерде автоунаа токтотуучу жай боюнча көйгөй көп. Бирок бул айдоочуга түнкүсүн күнүгө аялдамага автоунаасын токтотуп, жол эрежесин бузуу укугун бербейт.

Эң кызыктуусу, бул райондо күн сайын эвакуаторлор иштешет. Алар Юнусалиев көчөсүнүн батыш жагындагы Сүйөркулов көчөсүнүн четинде токтотулуп турган автоунааларды салып кетип турушат, мындай ишти алар күнү-түнү жүргүзүшү керек эле, ошондуктан "тайманбаган" айдоочу "коркпостон" түнкүсүн коомдук аялдамага машинасын токтотуп коюп жаткандай көрүнөт.

Эми автоинспекциянын кызматерлери бул фактыга көңүл бурушат деген ишеничтебиз. Антпесе жакында буга окшогон айдоочулар автоунаасын шаардыктардын үйүнүн эшигинин алдына токтотуп башташат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД