РФ Коргоо министрлиги Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөттү

Россиянын Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык жардам көрсөттү. Кече күнү Кант шаарындагы аэродромдо эки Ми-8МТ тик учагын жана эки П-18 радиолокациялык станциясын салтанаттуу түрдө өткөрүп берүү иш чарасы өткөрүлдү.

Мурда россиялык тарап "Кант" авиабазасында Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө аскердик-транспорт учагын, тик учактарды жана бронетехниканы өткөрүп берген. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы башчысынын орун басары полковник Нурлан Чомоев айткандай, бул аскердик техника коопсуздукту камсыз кылуу маселесин аткарууда ийгиликтүү колдонулууда. Бүгүн өткөрүлүп берилген жаңы аскердик техника да ийгиликтүү колдонулат.

-Бул аскердик техника капиталдык ремонттон толук өткөрүлүп жана россиялык коргонуу-өнөр жай комплекси мекемелеринин деңгээлине жеткирилген. МИ-8МТ тик учактары кыргызстандык аскерлерге тоолуу жерлерде аскердик тапшырмаларды ыкчам чечүүгө жардам берип, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик мүмкүндүгүн жогорулатат. Ал эми П-18 радиолокациялык станциясы өлкөнүн аба мейкиндигин коргоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет, - деп белгиледи Россиянын Коргоо министринин орун басары, генерал-полковник Александр Фомин. – Россия мындан ары да Кыргызстанга аскердик күчтөрдү бекемдөө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо маселелери боюнча колдоо көрсөтүп турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД