ЖККУ саммити. Владимир Путин Кыргызстанга учуп келди

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин бүгүн Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Манас" эл аралык аэропортунда Россиянын президентин биздин мамлекеттин президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Сессияга катышуунун алкагында Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусу болот.

Эске салсак, кече күнү Бишкекке Беларусь президенти Александр Лукашенко, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келишкен. Ага чейин Бишкекке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД