Екатеринбургда полиция кыргызстандык жаранды кармоо учурунда ок атты

Екатеринбургдун укук коргоо органдары полициянын патрулдук күзөт кызматынын кызматкери кыргызстандык жаранды кармоо учурунда, ага карата ок чыгарышы боюнча окуяны иликтей баштады. Бул тууралуу Россиянын ММКсы жазышты.

Маалыматка караганда, 24-ноябрда саат 6.00. чамасында баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектүү делип кармалган 28 жаштагы кыргызстандык жаран медициналык мекемеден текшерүүдөн өтүүдөн баш тартып, качууга аракет жасаган.

Полициянын лейтенанты анын артынан кууп жеткен. Шектүү каршылык көрсөтүп, ок атуучу куралды алууга аракеттенгенде, полиция эскертүү иретинде асманга ок аткан. Бирок, кармалган жаран каршылык көрсөтө бергендиктен, полиция аны атып жиберген. Бул окуяны журналисттерге Свердлов облусунун ИИМ башчысы Валерий Горелых тастыктады.

Каза болгон жаранга РФ КК 228-беренеси боюнча (баңгизатын мыйзамсыз сактоо) кылмыш иши козголду. Ал эми полиция колунан жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Азыркы убакта болгон окуя боюнча кылдат териштирилип, күбөлөр суралууда. Кармоо учурундагы түзүлгөн кырдаал, анын ичинен полиция кызматкеринин укуктуулугу текшерүүгө алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД