Салык кызматынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук Салык кызматы башкармалыгынын кызматкери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында УКМКнын ыкчам иликтөө иш чарасынын жүрүшүндө А.М. аттуу салыкчы 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал салык маселесин чечип берем деп жеке ишкерден акча талап кылган.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде КР Жазык кодексинин 326-беренеси боюнча (пара талап кылуу) катталды.

Сот органдарынын чечими менен А.М. үй камагына алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД