Бишкектеги банктардын биринин филиалы тонолду

Белгисиз бирөөлөр Бишкектеги банктардын биринин филиалын тоноп кетишти. Бул тууралуу маалыматты VB.KG редакциясына Бишкектин Октябрь РИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, карактоо фактысы бүгүн, 26-ноябрда эртең мененки саат 9.17. чамасында катталып, анда банктын кызматкерлери Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги банктардын биринин филиалы тонолгонун кабарлашкан.

Алдын ала маалыматка ылайык, белгисиз эки жаран жеке күзөт агенттигинин кызматкерине кол салып, акчаны алып кетишкен.

Учурда тоноого катыштыгы бар жарандарды издөө, өздүгүн аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД