Айеркен Саймаитиге кыргыз паспорту качан берилген?

Жогорку Кеңештин Эл аралык, коргоо жана коопсуздук комитетинин отурумунда Депутат Айнура Аскарова ("Кыргызстан") Саймаитиге Кыргызстандын жаранынын паспорту кантип берилгени жөнүндө сурады.

Түркиянын Стамбул шаарында киши колдуу болуп каза болгон Айеркен Саймаитиге Кыргызстандын паспортун берген кызматкерге кылмыш иш козголуп, сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык, коргоо жана коопсуздук комитетинин отурумунда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов билдирди.

Батыркановдун түшүндүрмөсүндө, Саймаитиге 1994-жылдагы паспорттун негизинде 2006-жылы ID-карт берилген.

-1994-жылы берилген паспорттордо маалыматтар калем сап менен жазылчу. Жазууларды өчүргөн каражат бар. Алар паспорттогу маалыматты өчүрүп, башка маалымат жазып коюшкан. Бул паспорттун негизинде 2006-жылы башка паспорт берилген", - деп жооп берди Батырканов.

Депутат мындай көйгөйлөрдү чечүүгө кандай чаралар колдонулганын сурады.

Тилек Батыркановдун айтымында, 2015-жылдан тарта автоматташтырылган маалымат системасы иштеп баштаган.

-Буга чейин ар бир кызматкер паспорт бере алчу. Ал эми азыр автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу паспорттор Бишкекте даярдалат, - деди ал.

Айеркен Саймаитиге паспорт 2014-жылы берилген.

2014-жылы 10-апрелден баштап 2015-жылдын ноябрь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын Алина Шаикова жетектеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД