Коррупцияга каршы митинг: Жаңы муун "элитаны" сыртка сүрүп чыгарабы?

Кече күнү Бишкекте коррупцияга каршы өткөрүлгөн митинг өзүнчө кызыктуу да жана көрүнүктүү окуя да болуп калды. Эшикте лапылдатып кар жаап жатканына карабастан, көптөгөн адамдар Ак үйдүн алдына чогулуп жана жарандык позициясын билдире алышты. Митингге болжол менен алганда 1000ге жакын адам катышты.

Бул иш-чаранын көрүнүктүү окуя катары көрүнүшү, анын чынында эле европалыктарча тынч жана достук жагдайда өткөндүгүндө болду. Мурда кытайлыктарга каршы уюштурулган митингдегидей чагымчылдык элементтер байкалбады.

Мирбек Атабековдон үлгү алышкан окшойт

Элдик депутаттардын эч кимиси митингге чыккан жок. Мурда соцтармактардагы өз баракчасына жазып, биринчи жолу коррупцияга каршы митингге чыгарын билдирген бир гана депутат Дастан Бекешев келди.

Калган депутаттар бул иш-чарага көңүл бурбай эле койууну чечишкен окшойт, бирок, бир жагынан алганда бул бизди таң калтырган деле жок. Парламенттик шайлоонун жакындап калганын эске алуу менен, алар тескерисинче болгон күчүн жумшап активдешип, жада калса кичине бир спорттук иш-чараларга да катышып, элдин көзүнө көрүнүп калуу аракетин жасашууда. Кандай себептен эл депутаттары кече күнү өздөрүн "жар салууга" келбей калганы түшүнүксүз бойдон калды. Балким, алар эстрада ырчысы Мирбек Атабековдон үлгү алалы дешкен окшойт, ал дагы кече күнү митингге чыгууну каалагандыгын билдирип, бирок, мүмкүн чагымчылыктан чочуладыбы, айтор кийин бул идеядан баш тартты.

Шаардын жаштары да митингге чыга башташты

Кече күнү митингге келгендердин көпчүлүгүн жаштар түздү. Алардын арасында студенттер жана жаш активисттер жүрүштү, жада калса жылуу-жумшак жашоого көнүп, мындай иш-чараларга активдүү катышпаган шаардык жаштардын да митингге чыга баштаганы байкалды.

VB.KG редакциясы ММКдагы журналисттик иликтөө боюнча түшүндүрмө берүүсү үчүн жарандык активист Адил Турдукуловго кайрылганында, ал төмөндөгүлөргө токтолду.

-Бул митингге келген адамдар өз тагдырын бул өлкө менен байланыштырамбы же жокпу деген тандоо алдында турууда. Же алар мындай чектен чыккандык көрүнүштөн кийин башка жолду тандап алышат. Менин оюмча, бийликтегилер митингге чыккандардын талабына көңүл бурууга тийиш. Мына бүгүн УКМК да бул иш боюнча иликтөөлөр башталды деп билдирди, бирок, бул жетишсиз. Анткени бул талаптар Саймаитинин өлүмүн иликтөө менен гана чектелбестен, олуттуу маселелерди камтууга алууда. Жалпылап айтканда, Кыргызстандагы коррупциялык схеманы бузуу, ошону менен катар өлкөбүздөгү көмүскө экономиканын булагы болуп жаткан бажы кызматын айтса болот. Белгилүү болгондой, бул тармактагы коррупция ар кандай баа берүүлөр боюнча 80 пайызга жетип отурат. Ошондуктан бул системаны бузбай туруп, коомдун коррупциядан тазаланышы жөнүндө айтуу мүмкүн эмес, - деди ал.

Башка мезгилдин деми келдиби?

Райым Матраимовдун ысмына байланышкан абал жана Бишкекте өткөн митинг боюнча, соцтармактардын колдонуучулары азыр башка мезгилдин деми келгендиги жана бийлик мурдагыдай унчукпай отуруу менен кутулуп кете албастыгы жөнүндө жазышууда.

Ошол эле Адил Турдукулов VB.KG редакциясына берген маегинде, эгер бийлик митингге катышкандардын талабына реакция жасабаса, бул жагымсыз натыйжаларга алып келиши мүмкүн экендигин белгиледи. Анын айтымында, мындай резонанстуу иликтөөдөн кийин бажыдагы коррупциялык схема жоюлбаса, биз мурда башыбыздан өткөргөн натыйжаларга алып келиши мүмкүн.

Жаңы мезгилдин таасири жөнүндө айта турган болсок, менин көз карашымда, жактоочу Алия Турумбекова, жаңы муундун атынан азыркы "элитага" кайрылуу менен мындай ойду туура белгилей алды.

-Принциби жок адамдардын баардыгынын убагы аяктады! Мына так ушул муун силерге принципиалдуулукту көрсөтүп жана кайрадан тарбиялап чыгат! Мына ошондо силер келечекте жогорку кызматты ээлеп жана Жогорку Кеңеште орун алууну каалабай каласыңар, бул муун өзүнүн принципиалдуулугу, адилеттүүлүгү жана талап коё алгандыгы менен силерди сыртка сүрүп чыгарат! Революциялар болот деп күтпөгүлө, алар силерди эч бир муштуму жана курмандыгы жок эле тынч кетип калууга мажбур кылат! Силер мындай иш жасаганды билбейсиңер, бул силер үчүн жат көрүнүш, бирок, алар силерди үйрөтүшөт", - деп ал өз баракчасына жазган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД