Алтынбек Сулайманов депутаттык комиссиянын курамынан чыкты

Бүгүн бизнесмен Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланышкан окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи жыйыны болуп өттү. Комиссияны депутат Талант Мамытов жетектеди.

Эске салсак, коомчулуктун кысымы аркасында Искендер Матраимов мурда комиссиянын курамынан чыгууну чечкен болчу. Бүгүн комиссиянын курамын дагы бир депутат – Алтынбек Сулайманов калтырды. Анын ысымы да бизнесмен Айеркен Саймаити менен байланыш бар катары айтылып келген эле.

Бул тууралуу "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Facebookтагы өз баракчасына жазды.

-Айеркен Саймаити боюнча түзүлгөн комиссиянын курамынан чыктым. Мени элге жаман көрсөтүү аракети күч алгандыктан, эл өкүлдөрү ушул болуп жаткан иштерди иликтеш керек деп комиссия түзүүнү демилгелегем. Ошондуктан, коомчулукта эч кандай шек жаралбашы үчүн комиссиянын курамынан чыгуу туура деп чечтим. Комиссиянын ишинин жүрүшүнө жарандык коом, журналисттер, депутаттар көз салып турат. Комиссиянын ишинин жүрүшү ачык болот деп ишенем, – деп жазган ал.

Комиссиянын курамына башка депутаттар менен толукталышы тууралуу чечим Жогорку Кеңештин жакында өтүүчү отурумунда кабыл алынмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД