Митингдин катышуучулары Райым Матримовдун камалышын талап кылышууда

Бишкекте Ак үйдүн жанында коррупцияга каршы тынчтык митингинин катышуучулары Кыргызстандан чет жакка 700 млн доллардын чыгарылышы боюнча журналисттик иликтөөлөрдө ысымы аталган Бажы кызматы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камакка алынышын талап кылышууда.

Учурда тынчтык акциясына катышкан адамдардын саны барган сайын көбөйүп жатат жана алар "Райым камалсын!"деп бир доюуштан кыйкырып жатышат. Чогулгандар ошондой эле бийликтен укук коргоо органдарында реформа жүргүзүүнү талап кылышууда.

Митингге чыккандардын колунда баракчалар, транспоранттар жана сары карточкалар бар.

Митингдин катышуучулары мамлекеттин гимнди ырдашкандан кийин, Апрель революциясынын баатырларына арналып тургузулган эстелигине гүл коюшту. Ошол учурда митингдин уюштуруучуларына укук коргоо органдарынын кызматкерлери келип, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун митингди өткөрүүгө чек коюлгандыгы тууралуу чечимин эске салышты. Бирок, каршылык акциясын таркатуу болбой тургандыгын билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД