Бишкекте коррупцияга каршы тынчтык митинги өтүп жатат (фотосүрөт)

Бишкекте Ак үйдүн жанында коррупцияга каршы тынчтык митинги өтүп жатат. Учурда тынчтык акциясына 400гө жакын адам чогулду. Алардын көпчүлүгүн жаштар түзүүдө. Ошондой эле Адил Турдукулов жана Рита Карасартовага окшогон белгилүү активисттер да катышууда.

Белгилей кетсек, 23-ноябрда соцтармактарда "Азаттык", Клооп жана ОССRP журналисттик иликтөөлөрүнүн Кыргызстандан чет жакка 700 млн доллардын чыгарылып кетиши тууралуу экинчи бөлүгү жарыялангандан кийин, Бишкекте Ак үйдүн алдында жарандардын тынчтык митингин өткөрүү чакырыгы пайда болгон.

Акциянын уюштуруучулары ММКда жарыяланган фактылар боюнча бийликтин реакциясын талап кылышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД