"Азаттык" иликтеген маалымат боюнча тергөө тобу түзүлдү

"Азаттык", "ОССRP" жана "Kloop" тарабынан иликтенген маалыматты ведомстволор аралык тергөө тобу иликтейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ал иликтөөнү каттоого жана сотко чейинки өндүрүш ишин баштоого Айеркен Саимаитинин өлтүрүү тууралуу коркутууга кабылып, Түркияга качып кетүүгө мажбур болгону негиз болду.

24-ноябрда сотко чейинки өндүрүш ишин уюштуруу УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган. Ошол эле күнү УКМКнын, ИИМдин жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн.

Учурда бардык жагдайды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө аракеттери жүрүп жатат. Иликтөө ар тараптуу жана объективдүү болуш үчүн аталган факт боюнча кандайдыр бир маалыматы бар адамдардын жана "Азаттык", "ОССRP" жана "Kloop" маалымат агенттиктеринин иликтөөсүндөгү фигуранттардын катышуусунда жүргүзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД