Мамлекеттик органдар 700 млн доллардын чыгарылышын текшериши керек

Мамлекеттик органдар "Азаттык" жана Kloop журналисттеринин иликтөөсүндө жарыяланган баардык фактыларды текшерип чыгууга тийиш. Бул тууралуу VB.KG редакциясына берген маегинде УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Маматканов билдирди.

-Журналисттердин иликтөөсүндө жарыяланган фактыларда ишенерлик далилдер келтирилген. Журналисттер өз ишин жасап, бийлик алдына суроолорду коюшту. Эми бийлик өз ишин аткарып – иликтөө жүргүзүп жана толук жоопторду бериши керек, - деди Мамытканов.

Анын пикиринде, бүгүн бийлик бул маселе боюнча унчукпай коё албайт.

-Унчукпагандык – макулдуктун белгиси жана иликтөөлөрдөгү баардык шектенүүлөр боюнча күнөөнү мойнуна алгандыкты билдирет. Мына так ушул кезде бийлик өкүлдөрү унчукпай отурбай, болушунча ыкчам иштеп, жоопторду бериши керек, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД