Депутат: "Кызыкчылыгы" бар депутаттар комиссиянын курамынан чыгышы керек

"Азатттык", Kloop жана OCCRP журналисттеринин иликтөөсүндө жарыяланган фактылар боюнча Башкы прокуратура сотко чейинки өндүрүш ишин ачышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.

Бизнесмен Айеркен Саймаитинин киши колдуу болушу боюнча окуяны иликтөөдөн мурда, биз айрым коллегаларыбызды комиссиянын курамынан чыгуусун сурашыбыз керек. Бул тууралуу VB.KG редакциясына маек берип жатып, "Республика – Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев айтты.

-Комиссиянын ишинин калыс жүрүшү үчүн, бул иште "кызыкчылыгы" бар депутаттар комиссиянын курамынан чыгышы керек.

Жээнчороевдин пикири боюнча, мындай "кызыкчылыгы" бар бир нече депутаттарды айтууга болот. Алардын катарында Кыргызстандан чет жакка чыгарылып кеткен 700 млн доллар боюнча журналисттик иликтөөлөрдө ысымы аталып келген Райым Матраимовдун бир тууган агасы Искендер Матраимов гана эмес, айрым маалыматтар боюнча, Айеркен Саймаити менен байланышта болгон Алтынбек Сулайманов жана башкалары бар.

Парламент депутаты ошондой эле Башкы прокуратура "Азатттык", Kloop жана OCCRP журналисттеринин иликтөөсүндө жарыяланган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ачышы керек деп эсептейт.

-Журналисттердин иликтөөлөрүндө жарыяланган бул фактылар, өлкөнүн экономикасына гана зыян тийгизбестен, ЕАЭБ алкагында ишине да көлөкө түшүрөт. Алар расмий иликтөө жүргүзүүнү талап кылышууда, Башкы прокуратура тиешелүү органдарга буйрук бериши зарыл. Ал эми "Азаттык", Kloop өздөрүндө болгон баардык материалдарды тергөөгө өткөрүп берүүсү керек, - дейт Жээнчороев.

Мындан тышкары депутат, коомчулук сыяктуу эле президент жана премьер-министр тараптан боло турган реакцияны күтүүдө.

-Акча каражаттары маселеси менен алектенген баардык мамлекеттик структуралардын жетекчилери отставкага кетиши керек. Эгер өкмөт мындай чечим кабыл албаса, анда биз өкмөттүн толук курамы менен отставкага кетирүү маселесин кароого тийишпиз, - деп билдирди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД