Саймаитиге байланышкан окуяны иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеште уйгур тектүү КЭР жараны Айеркен Саймаитинин Стамбулда өлүмүнө байланышкан окуяны иликтөө боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттык комиссиянын курамына, Саймаитинин Кыргызстандагы ишмердигине байланыштуу (Саймаити бизнесин Кыргызстанда жүргүзгөнүнө карабастан, Жогорку Кеңеште аны "кытайлык бизнесмен" деп аташат) ысымдары эске алынган депутаттар – Алтынбек Сулайманов менен Искендер Матраимов киришти.

Жогорку Кеңештин депутаттары комиссиянын төмөндөгүдөй курамына добуш беришти:

-КСДП фракциясынан – депутаттар Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Жураев, Аалы Карашев, Искендер Матраимов;

-"Республика – Ата Журт" фракциясынан – депутаттар Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов;

-"Кыргызстан" фракциясынан – депутаттар Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов;

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан – депутат Тынчтык Шайназаров;

-"Ата Мекен" фракциясынан – депутат Алмамбет Шыкмаматов.

Фракцмялар сунуш кылган тизмени парламенттин 106 депутаты колдоду.

Эске салсак, Айеркен Саймаити үстүбүздөгү жылы 10-ноябрда Стамбул шаарындагы кафелердин биринде куралдуу кол салуудан кийин, ооруканада каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД