Кой-Таш окуясы боюнча Комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалымат боюнча, комиссиянын жетекчиси вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын мүчөлөрү менен жолугуп Кой-Таш окуясынын жагдайлары ар тараптуу иликтенгенин айтты.

Өкмөттөн белгилешкендей, документке комиссиянын баардык мүчөлөрү кол коюшкан.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин премьер-министр Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөн. Анын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.

Мамлекеттик комиссиянын ишин жүргүзүү алкагында, Аламүдүн районун жашоочулары, мамлекеттик органдардын мүчөлөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, 7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн абал боюнча маалыматтар чогултулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД