Райымбек Матраимов "Ата Мекен" партиясын каржылайбы?

Кыргызстанда парламенттик шайлоолорду өткөрүү датасы аныкталды. Жогорку Кеңештин талапкерлерине добуш берүү 2020-жылы 4-октябрда өткөрүлөт. Республикада шайлоолордун кандай өтөөрүн алдын ала айтуу жеңил болчу эмес эле, бирок, бул жолкуда келерки кампаниянын жүрүшү мурдагыларга караганда да кыйынга турат окшоп калды.

Кыргызстандын парламенти аз убакыттын ичинде эле өз кадырын жоготуп алды. Анын саясый маалыматсыздыгы жана алсыздыгы жөнүндө баардыгы сөз кылышып, жада калса депутаттар өздөрү да айтышууда. Мунун өзү эми айтпаса деле түшүнүктүү эмеспи, барган сайын Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыштарында харизмативдүү адамдар азайууда. Ал эми акыркы чакырылыш өзүнүн дарегине көп сын-пикирлердин айтылгандыгы боюнча рекорд койгонго да жетишкенсиди. Бул азыркы курамдагы депутаттардын парламентке кайрадан өтүшүн кыйындатат, анын үстүнө 9 пайыздык босого чеги баардык партиялар үчүн тоскоолдук жаратпай койбойт. Мындай абалда депутаттар башкалар менен биригип, партияларды ирилештирүү маселесин талкуулашууда. Жакынкы убакта алар бизди күтүлбөгөн альянстарды түзүшүп, бизди таң калтырышы да мүмкүн.

Мындай абалда Кыргызстандын партиялык мейкиндиги кандай болушу мүмкүн? Бул суроого жооп бериш үчүн, адегенде өлкөдөгү партиялык система – бул өнөктөштүк, көп учурда бизнестик кызыкчылыкты көздөгөн өнөктөштөрдүн клубу экендигин моюнга алуу керек. Мындай клубдардын стратегиясы негизинен бийлик менен мамиле түзүүгө багытталган. Кыргызстандын ар бир президенти жеке жана жеңил башкарылуучу партияга ээ болуу зарыл деп эсептеп келген. Бирок, лидер экс-статусунда калаары менен, партия таасирдүүлүгүн жоготуп же такыр эле жоюлуп кетип турган.

Ушуга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков эч бир партияга мүчө эмес экендигин эске алсак, кайсы партия бийликке ыкташы мүмкүн? Эксперттер айтышкандай, мындай абал Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбековдун планына жараша болмокчу, анын фамилиясына карасак эле азыркы президенттин жакын тууганы экендиги билинет. Ошондуктан ал кайсы партиянын тизмесине алынса, натыйжада ошол партия бийликке келиши ыктымал. Бирок, бул болжолдоп гана айтуулар катары саналат.

Дагы кимдер оюнга катышмакчы?

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Асылбек Жээнбеков менен бирге бекем жана күчтүү партияны түзүүнү жана жеңип чыгууну, Бажы кызматы жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимов бир кезде пландаштырып келген. Бирок, биз жаңы партияны көрө алганыбыз жок, анткени менен Матраимов эми "Ата Мекен" партиясын каржылап, анын шайлоодо утуп чыгышына жардам берет экен деп уктук. Буга даярдануу мурдатан эле башталыптыр. Курамына депутаттар, саясатчылар, коомдук ишмерлер, күч структураларынын мурдагы өкүлдөрү кирген мыкты саясый штаб уюуштурулган. Бирок бул саясый долбоордо Асылбек Жээнбековдун ролу түшүнүксүз бойдон калууда.

Акыркы убакта Өмүрбек Бабановдун жакында саясатка кайрылып келүүсү жөнүндө да сөз кыла башташты. Анын саясат менен алектенбей тургандыгы тууралуу расмий билидрүүсүнө карабастан, парламенттик шайлоодо катышып калуусу толук ыктымал. Анын саясатка кайтып келүү божомолу саясый чөйрөдө кандай кызыкчылыкты жараткандыгы, Бабанов саясаттан четте калбай тургандыгына негиз берет.

Мындан тышкары Роза Отунбаева жана Өмүрбек Текебаев (саясый таасирин сактап жана бекемдеп калуу мүмкүндүгү бар саясатчылардын бири) сыяктуу белгилүү саясатчылар да бар. Алар дагы ар кандай демилгелерди көтөрүп, өздөрүнүн унулутулуп калбашы үчүн баардыгын жасашууда.

Анан албетте, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди унутпашыбыз керек. Айрым аналитиктер аны да шайлоочуладын эсебинен чыгарып салбоону сунушташууда. Бирок, бул өтө эле оптимисттик пикир деген ойду жаратат. Азыр эл арасында Атамбаевдин кадыры төмөн, ал президент кезинде эле өз аброюн жоготуп алган. Ал кол тийбестиги алынгандан, кылмыш иши козголгондон жана үйүнө күч органдары тарабынан чабуул койуу абалына жеткиргенден кийин – акыркы тарапташтарынын колдоосунан такыр ажырады. Азыр анын рейтинги 1-2% чейин араң жетиши мүмкүн. Анын тарапташтарын жана партиялаштарын камакка алуу башталып, күч органдары мурдагы президентке тиешелүү телеканалды да жаап салышты. Прокуратура анын мыйзамсыз жыйнаган байлыктарын иликтөөдө. Белгилүү болгондой, сот процессинин иши уланууда.

Мында бир гана жыйынтык чыгарып – Атамбаевдин мурдагы саясый орбитага кайтып келиши мүмкүн эместигин айтууга болот. Анын үстүнө убакыт да аз калды, чынында ал чет жакта гана байкоочу катары калат го. Эгер бийлик алсыздыгын көрсөтсө, Атамбаев түрмөдөн бошотулуп, үй камагына чыгарылып же Кыргызстандын аймагынан чет жакка чыгып кетиши да мүмкүн.

Жалпылап айтканда, шайлоого катышуу үчүн өз айланасына саясый күчтөрдү топтоп алууга жөндөмү бар фигуралардын негизги жана толук эмес тизмеси мына ушундай көрүнөт. Алардын курамында ар кандай адамдар бар, демек, мунун өзү Кыргызстандагы келе жаткан саясый сезон мындай атаандаштык шартында кызыктуу гана эмес, маңыздуу да башталат деп ишенсек болчудай.

Бирок бул көп жагынан шайлоочулардын өзүнө байланыштуу. Бул шайлоолор катуу атаандаштык шартында жана мурда болуп көрбөгөндөй саясый күрөш аркасында өтөбү же бир аз орун алмаштыруу менен чектелеби – аны шайлоочулар чечет. Бийлик биринчи кезекте легитимдүүлүк боюнча шек туулбашы үчүн, шайлоо процессинин таза өтүшүнө кызыкдар болушу керек.

Мурдагы президентке карата жүрүп жаткан сот процессине байланышкан азыркы абалды жана 2020-жылдагы шайлоого даярданууну эске алуу менен – азыркы бийлик соттук жана саясый процесстерди аралаштырбай, ушундай саясый оюндарга көзөмөлдү жоготуп койбойбу? - деген суроо туулат. Анткени мындай абалда көзөмөлдү жоготуп алуу, өлкөнүн өнүгүүсүн кайрадан артка карай тартышы мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД