Бишкекте баңги заттарынын жарнамасы жазылган баннер алып салынды

Борбордун бийлиги QR-коду жана сайттын аталышы көрсөтүлгөн баннерди алып салды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул баннер шаардын Курманжан Датка көчөсүнүн жана Чүй проспектисинин кесилишиндеги жарнама тактасында илинип турган. Ал кече күнү кечинде алып салынды.

Бишкектин мэриясынан билдиришкендей, жарнама боюнча мыйзамга көзөмөлдү антимонополиялык мамлекеттик органы жүргүзөт, мэрияда мындай укук жок.

Учурда ИИМдин Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү кызматы бул баннердин жайгаштырылышы боюнча текшерүүнү баштады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД