Шайлоо алдында: Тегерек столдогу талкуулардан...

Жакында эле борбор шаарыбызда "Депутатка добуш берүү – ар бир жарандын укугу" темасында тегерек стол өткөрүлдү. Шайлоолор жакындап келе жаткандыктан, бул талкууга кызыкдар адамдар чогулганы айтпаса да түшүнүктүү.

-Жогорку Кеңешке шайлоого бир жыл убакыт калды. Бул убакыт ичинде кандай маселелерди чечүүгө үлгүрө алабыз, мына ушул туурулуу сүйлөшөлү. Эң башкысы – шайлоонун босого чегин ылдыйлатуу зарыл. Саясый партияларды чогултуп, алардын талабын перзидентке жана парламентке жеткирүү керек. Шайлоонун жыйынтыгын БШК эмес, Кыргызстандын эли тааныганы оң, - деп экс-премьер-министр Темир Сариев билдирди.

"Ак Шумкар" партиясынын өкүлүнүн айтымында, шайлоо процесси тизме жана шайлоо алдындагы компания менен гана чектелбей, шайлоочулар алдында отчет берилгени да туура болот.

-Биз партиянын желеги астында Жогорку Кеңешке өтүп, анан анын тартибине көнбөгөн депутаттарды да көрдүк. Биринчиден, шайлоонун босого чегин 3% же 5% чейин ылдыйлатуу керек, "Партиялар жөнүндө" мыйзамды жана үгүт иштерин жүргүзүүнү кайрадан карап чыгуу зарыл, - деп белгиледи Сариев.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев аны менен макул болду. Анын пикиринде бүгүнкү бийлик өзүнүн кадырын кетирип алды. "Эл шайлоо системасына нааразы болууда. Алар Жогорку Кеңеш байлардын парламентине айланып, партиялык коррупция жүрүүдө, депутаттар элден алыстап кетти дешүүдө. 2010-жылы биз шайлоо системасына өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз, бирок, түзөтүүлөр өтпөй калган", - деп билдирди ал.

Текебаев белгилегендей, жөнөкөй партиялардын талапкерлери өтпөй калып, парламентке алардын ордуна акчанын жана бийликтин партиялары келүүдө. "Ал эми бүгүнкү бийликте ким отурат? Сооронбай Жээнбеков жазында саясый коррупцияны жеңүүнү каалагандыгын айткан. Бул маселеде биз аны колдошубуз керек. Ал өз сөзүнө турат деп, мен ишенгим келет", - деди ал.

Өмүрбек Чиркешович эске салгандай, Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын 70% биринчи жолу депутат болгон. Бирок, мындан эч кандай жылыш сезилген жок. Аларды "чимкирик" парламент деп атап алышты.

-Биз жаңылануу тууралуу айтканыбызда, анын сапаты жөнүндө ойлошубуз керек. Эгер парламентке өтүүнүн босого чегин 3% ылдыйлатууну бекитсек, өтүп келген депутаттар унчукпай отуруп албастан, бийликке оңтойсуз суроолорду так ошолор берет, - деп эсептейт саясатчы.

Ушул жерден бул иш-чарага жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешке өтүүгө ишене албаган адамдар келген окшойт дегендей таасир пайда болду. Кандай болсо да ылдыйлатуу керек болгон жогорку босого чеги, аларга тоскоолдук кылып жаткансыды.

Эске салсак, парламенттин депутаттары Исхак Масалиев менен Жанар Акаев шайлоолор мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизип, партиялар үчүн гана эмес, тизмедеги талапкерлер үчүн электрондук түрдө добуш берүүнү сунуш кылышкан.

Айтмакчы, тегерек столдогу талкуунун жүрүшү учурунда шайлоодо электрондук система боюнча добуш берүүнү да көрсөтүштү. Анда эсептөөчү түзүлүш ID-картты окуп жана шайлоочу добуш бергендигин же бербегендигин текшерет. Андан кийин шайлоочу атайы картаны алып, аны компьютерге салат, партияны тандагандан кийин, анын тизмеси ачылып, шайлоочу тизме боюнча каалаган талапкерин тандайт. Шайлоочу тандагандан кийин, өз добушунун жыйынтыгын билдирген чекти алып, аны операторго кайра берет. Онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыгы эсептелип, андан кийин текшерүүгө жеңил болгон тизменин жыйынтыгы чыгарылат. Ошентип техникалык жактан партияга гана эмес, ар бир талапкерге добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Бирок, шайлоонун кылдат ишине жогору технологиянын кийлигишүүсү саясатчыларга жакпай калды. Ошол эле Өмүрбек Текебаевдин пикири боюнча, мындай абалда шайлоого жашыруун добуш берүү принциби бузулат.

Ал эми "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, бул маселеде эл шайлоонун таза жана чын өткөрүлгөндүгүн талап кылуусу керектигин белгиледи.

Юрист Чолпон Жакупова көпчүлүккө кайрылып: "Биз азыркы түзүлгөн абалга реалдуу карашыбыз керек. Түзөтүүлөрдү кантип жана качан киргизебиз? – деген эки башкы суроого жооп алганыбыз жок. Бул жерде Мадумаров туура айтты: бир дагы демилге, ага көңүл бурулмайынча ишке ашпайт, анткени ага бийлик тарабынан такыр реакция жасалбай жатат. Азыр эле жыйынтык чыгарып, бул идея ишке ашпайт деп корутунду чыгарсак да жарашат", - деп билдирди ал.

Анын айтымында, саясатчылардын электрондук жана тизме боюнча добуш берүү системасын киргизүү аракети түшүнүксүз. "Алар эмитеден эле колдоо табуудан үмүтү үзүлгөн түр менен отурушат. Темир Сариев мындай маселени азыр чечүү кеч болуп калды, деп туура айтты. Такыр мүмкүн эмес, анткени, шайлоо мына мына башталайын деп калды", - деди юрист.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД