"Бир Болдун" депутаттарынын Саймаити менен кандай байланышы болгон?

Социалдык тармактарда болжол менен уйгур тектүү КЭР жараны Айеркен Саймаити менен Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловго окшогон адамдын бирге түшкөн фотосүрөтү пайда болду. Автор белгилегендей, фотосүрөт Ошто, Дүйшөн Төрөкулов менен Алтынбек Сулайманов ушул шаарда иштеп жүргөн мезгилинде тартылган.

Фотосүрөттө 2012-жылдагы дата көрсөтүлгөндүктөн, Төрөкулов Жогорку Кеңешке депутат боло элек кезинде тартылгандыгын билүүгө болот.

-Саймаити өзүнүн эле өнөктөштөрүнүн курмандыгы болду. Ал өзбек жана тажик ишкерлеринин акчасын Турцияга жана Араб Эмиратына которуп жана өз энчисин алып турган. Акыркы жолу Турцияга акча которуу учурунда анын курьерин аэропортко бараткан жолдо өлтүрүп кетишкен, мына ушунун өзү анын тагдырын чечти, - деп жазат автор.

Бул жерде сөз чынында, акчаны которуу менен алектенген таксисттин өлүмү жөнүндө жүрүп жатса керек. Анын жансыз денеси "Манас" аэропортунун автоунаа токтотуучу жайында, машинанын багажнигинен табылган.

"Бир Бол" фракциясынын катчылыгында бул билдирүүгө эч кандай түшүндүрмө беришкен жок жана азырынча Дүйшөн Төрөкуловдун өзү да жооп бере элек.

Белгилей кетсек, Дүйшөн Төрөкулов Кара-Суу шаарында туулган, 2009-жылы Баткен бажысында инспектор болуп иштеп, 2012-жылы "Ош" бажысына ага инспектор кызматына которулган. Бирок, ал жерде бир нече ай иштегенден кийин, Ош шаарынын физкультура жана спорт комитетинин төрагалыгы кызматына дайындалган. 2017-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын алган.

Алтынбек Сулайманов да карьерасын Ош шаарында жасаган, бирок, 2007-жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаттыгына шайлангандан кийин, Бишкекке келген. Андан кийин ал Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштагы депутаты болду. Азыр ал парламенттеги "Бир Бол" фракциясын жетектейт.

Эске салсак, ишкер Айеркен Саймаити үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында Стамбулдагы кафелердин биринде куралдуу кол салуунун себебинен өлтүрүлгөн. Мурда ал ишкердигин Кыргызстанда жүргүзүп, журналисттердин маалыматы боюнча, ушул жылдар ичинде Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылып кетишине тиешеси бар болгон. Анын ишмердигин Матраимовдор менен да байланыштырып жүрүшкөн, бирок, акыркы маалыматтарга караганда, ал Кыргызстандагы жогорку кызматтарды ээлеген адамдар менен да көп байланыш түзгөн. Акыркы жылдары Саймаити Кыргызстанда жашаган эмес, анткени, жергиликтүү тергөө органдары тарабынан алдамчылыкка шектелип, издөө салынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД