Садыр Жапаров ырайым сурап президентке кайрылды

Камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов Facebookтагы өз баракчасына жазды.

Анын айтымында, октябрь айында Садыр Жапаровдун туугандары ырайым берүү боюнча Комиссиянын кабыл алуусунда болушканында, аларга саясатчы ырайм сураса, аны карап чыгышаарын айтышкан. Ошондон кийин Садыр Жапаровдун арызы Комиссияга жиберилген.

-Ырайым берүү боюнча президентке арыз жазылгандан бери бир айдан ашык убакыт өтсө да азырынча жооп келе элек. Садыр Жапаровдун арызында эч бир күнөөсү жоктугун, үй бүлөсү оор абалда калгандыгын, атасынан, апасынан, уулунан айрылгандыгын жазып, бошотууну суранган, - дейт жактоочу Шарабидин Токтосунов.

Ырайым берүү боюнча Комиссиядан бул маселе тууралуу түшүндүрмө берише элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД