Батукаевдин ишине байланышкан сот отуруму жылдырылды

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Мыйзамдагы ууру аталган" Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жабык режимдеги сот отуруму белгиленген. Бирок, соттук отурум академик Абдухалим Раимжановдун оорусуна байланыштуу кийинкиге жылдырды. Учурда ал омурткасына операция жасатуу үчүн ооруканада жатат.

Белгилүү профессор Абдухалим Раимжанов Азиз Батукаев бошотулуп жаткан убакта, Саламаттык сактоо министрлигинин гемотология борборун жетектеп турган.

Кийинки сот отуруму 29-ноябрда өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД