Кулматовдун иши – Райым Матраимовдун саясый буйуртмасыбы?

Бишкектин экс-мэри Кулматовдун иши саясый буйуртма болгону шек туудурбайт, ал эми аны ким уюуштурган – бул башка маселе. Мында Райым Матраимовдун кызыкчылыгы болушу мүмкүн. Бул тууралуу VB.KG редакциясына маек берүү учурунда укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди.

Ал эске салгандай, Матраимов Бажы кызматы жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулгандан кийин, бул кызматты жетектөөгө Кулматов дайындалган. Үмөталиеванын айтымында, Кулматов "үч айдын ичинде мамлекеттин казнасын 15 млрд сомго толуктап, Матраимов же башка-бирөөлөр аркылуу контрабандадан пайда көргөндөрдүн алкымын бууган".

Театралдык шоуга окшогон мындай соттук процесс, анык коррупционерлерге пайдалуу дейт укук коргоочу.

-Азырынча ММК менен элдин көңүлү ушул шоуга гана бурулгандыктан, бул коррупционерлер уурдаганды улантышып, мамлекеттин коопсузудугуна коркунуч туудурган өздөрүнүн долбоорлорун ишке ашырууда. Мисалы, салыктардын жогорулашы жана суунун баасынын 50% көтөрүлүшү. "Кулматов, Ибраимов" деп кыйкырсаң эле, эл ошол тарапты карап калат, ошол убакта коррупционерлер анын чөнтөгүнө колун салууда, - деген ишеничте Үмөталиева.

Соттук процесс кандай мыйзам бузуулар менен өтүп жатканына караганда, мунун артында "жөнөкөй эмес адам" турат. Андай болбогондо прокурорлор өз погондорун тобокелге салып, ал эми судьялар кысымга көнүп беришмек эмес, деп белгиледи укук коргоочу.

Редакциянын атынан эске салсак, апрель айында эле Токтайым Үмөталиевага сотто Кубанычбек Кулматовду жактоого тыйуу салышкан. Башкы прокуратура бул чечим жаңы кодекстердин алкагында кабыл алынганын тастыктады. Бирок Үмөталиева өз укугун коргоону улантууда.

-Мен бир топ жакшы документтердин пакетин даярдап, тиешелүү органдарга жазып жатам. Бийлик да алмашат, ал эми прокурорлор жооп беришет. Керек болсо мен аларды сотко берем жана президентке кайрылып аянтка чыгам. Менин көп практикам жана эл аралык тажрыйбам да бар, процесстин катышуучусунун укугун кемситүүгө болбойт", - деп сөзүн аяктады укук коргоочу.

Кулматовдун иши боюнча кененирээк биздин видеоматериалдан көрүүгө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД